"ЭкоМир" эл аралык экологиялык сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

"ЭкоМир" эл аралык экологиялык сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

Россиянын жаратылыш илимдери академиясы жыл сайын "ЭкоМир" Эл аралык экологиялык сыйлыгынын лауреаты наамына айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сынак өткөрөт.

Сынакка Россиядан жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 250дөн ашуун уюм жана жеке авторлор катышуусу күтүлүүдө.

• Сыйлык 11 номинация боюнча берилет:

• экологиялык саясат жана айлана-чөйрө,

• экологиялык билим берүү,

• жаштардын долбоорлору жана программалары,

• экологиялуу коопсуз товарлар жана азыктар,

• экология жана адамдын ден соолугу ж.б.

Сынакка ишканалар жана уюмдар, автордук жамааттар, бийлик органдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жеке адамдар катыша алышат.

Арыздарды берүүнүн мөөнөтү - 2026-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алынат.

Конкурсутун эрежелери жана талаптары боюнча www.raen.info сайтынан таанышууга болот.