Балыктардын үнсүз трагедиясы: 2200 метр тор, 9-майга карата рейддин жыйынтыгы
2026-жылдын 9-май күнү Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы браконьерликке каршы кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү. Иш-чара КР Президентинин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында жана Жеңиш күнүнө карата уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн 2200 метр эски кытай синтетикалык торлор чыгарылып алынды. Мындай торлор сууда узак жылдар бою чирибей, балыктарга жана суу жаныбарларына олуттуу зыян келтирип, «суу алдындагы таштандыга» айланып калат.
2026-жылдын башынан бери Кызмат тарабынан Ысык-Көл акваториясынан жалпы 20 800 метр ушундай торлор жана 760 кг таштанды чыгарылды.
Бул багыттагы рейддер туруктуу негизде улантылууда. Иш-чаралар браконьерликти токтотуу менен катар, көлдүн өзгөчө экосистемасын көп жылдык мыйзамсыз аракеттердин кесепеттеринен тазалоого багытталган.
Табиятты коргоо жана браконьерликке каршы күрөш үзгүлтүксүз уланууда.
Токтогулда дагы күчөдү браконьерлер , түндө шаар кадимки фанарик менен жүрүшөт , жакшылап балык икра чачкан маалда карап койсоңор жакшы болмок , Бишкектен келгендерге ишеним бар , местныйлар өздөрү броконер
