Бишкекте бир жылдын ичинде 307 миңге жакын таштанды чыгарылган
Бишкекте санитардык тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу шаардын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетто айтылат.
2026-жылдын 1-январына карата санитардык тазалоо жүргүзүлгөн аймактын көлөмү 11,1 млн чарчы метрден ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 млн чарчы метрге көбөйгөн. Технологиялык карталардын саны 1 299 бирдикке жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 62ге өскөн.
Ыкчам иш алып баруу үчүн шаар аймагы 5 тилкеге бөлүнүп, анда 1 195 кызматкер иштеген. Отчеттук мезгилде санитардык тазалоо иштеринин жалпы көлөмү 1,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылга караганда 321,5 млн сомго көп болгон.
2025-жылдын ичинде шаардык инфраструктура объекттерин оңдоо жана көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлгөн. Анын алкагында таштанды челектер, отургучтар жана темир тосмолор сырдалган.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча абоненттердин саны 1 041,8 миң адамга жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 155,8 миңге көбөйгөн. Калдыктарды чыгаруу үчүн 80ден 90го чейин атайын техника колдонулган.
2025-жылдын январынан декабрына чейин Бишкектеги санитардык полигонго 661 635,5 куб метр же 307 928,7 тонна катуу тиричилик калдыктары чыгарылган.
