президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
21 август
Чоң-Алайда “Миң-Жар” каналы ишке кирди: 1000 га ашык жер сугат суу менен камсыз болот
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 20-августта “Миң-Жар” ирригациялык каналынын ачылыш аземи болуп өттү.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, каналдын жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзөт, анын курулушуна 6,8 млн сом жумшалды.
Анын эсебинен Кашка-Суунун 1082,25 гектар жайыты сугат айдоо жерге айланып, 8 суу бөлүштүргүч аркылуу дыйкандарга суу берилет.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, каналды аймактын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу чоң кадам деп баалады.
Долбоор Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен, “Бай-Таш Констракшн” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган.
