Таласта «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын жанындагы аймак иретке келтирилди
20 август

Таласта «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын жанындагы аймак иретке келтирилди

Талас облусундагы “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына чектеш аймактарда тазалоо иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлдү.

Буга чейин интернет булактарында “Беш-Таш” жаратылыш паркына жакын аймакта эс алуучулардан кийин таштандылар чогулуп калгандыгы тууралуу видео тараган. Видеодо жаран эс алуучуларды жаратылышка аяр мамиле кылууга, эс алуудан кийин аймакты таза калтырып, таштандыларды өздөрү менен кошо алып кетүүгө чакырган.

Маалымат иретинде белгилей кетсек, видеодо көрсөтүлгөн аймак “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына кирбейт.

Ошол эле учурда коомчулукта көтөрүлгөн маселе эске алынып, аталган аймакта тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, эс алуучулар үчүн таштанды таштоочу челектер коюлуп, санитардык шарттарды жакшыртуу максатында бир катар иштер аткарылды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги эс алуучуларды жаратылышка аяр мамиле жасап, таштандыны белгиленген жерлерге таштоого жана эс алган жерин таза калтырууга чакырабыз.