Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды
видеодон алынган кадр
9 ноябрь

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

Соң-Көл корук аймагына чектеш жерлерде рейддик иш-чара өткөрүлүп, 500 метр синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты. 

Аталган иш-чара президенттин «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу, суу биоресурстарын коргоо жана көлдөрдүн экологиялык абалын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.

Табигый экосистемаларды сактоо, балык ресурстарынын азайышына жол бербөө жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.