Таштанды таштагандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо тапты
Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи – депутат Дастан Бекешев.
Мыйзам долбоору абатташтыруу эрежелерин бузгандарга, белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап, үйүп, өрттөгөндөргө жана суу чарба курулмаларын зыянга учураткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 114-115-116-беренелеринин санкцияларын кеңейтип, айып пулдарга альтернатива катары эреже бузгандарды коомдук жумуштарга тартуу мүмкүнчүлүгүн кошуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Улукбек Узакбаев мыйзам долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөчү органды так аныктоо керектигин билдирди. Депутат Болотбек Борбиев Сотторго жана Ички иштер министрлигине жүктөлгөн жумуштарды азайтып, протокол түзүү функциясын жергиликтүү бийлик органдарына калтырууну сунуштады. Депутат Алтынбек Кылычбаев 114-115-116-беренелердин алкагында канча айып пул жыйналганын тактап, таштандыларды убагында алып чыгып кетпегени үчүн тийиштүү мекемелердин жоопкерчилигин да кароого чакырды. Ал эми комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков жогорудагы беренелердеги эскертүү чарасын калтыруу зарылдыгын белгиледи.
