Кыргызстан менен Кореянын достук сейил багына 70 гибискус бадалы отургузулду
Бишкек мэриясы
20 август

Кыргызстан менен Кореянын достук сейил багына 70 гибискус бадалы отургузулду

Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Кореянын достук паркында 70 даана гибискус бадалын отургузууга багытталган экологиялык акция өттү. Бул тууралуу 19-августта мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, «Кая КДЖИ» коомдук кайрымдуулук фонду, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мындай демилгелер Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Бүгүн биз жөн гана бадалдарды отургузбастан, элдерибиздин ортосундагы достуктун дагы бир символун жаратып жатабыз. Экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багыттарындагы кызматташтык биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул демилгеге катышып жаткан жаштарга ыраазычылык билдирем жана мындай жакшы саамалыктар мындан ары да улантыларына ишенем», — деп белгиледи мэр Айбек Жунушалиев.

Иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга салым кошуу.