Кадамжайда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагындагы Өндүрүш айылынын түштүк тарабындагы кургак сайдан мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран Т.У.М. эч кандай уруксат берүүчү документтери жок өз билемдик менен кум-шагыл аралашмасын казып жатканы белгилүү болду. Табигый ресурстарды мыйзамсыз пайдалануу экологияга зыян келтирип, жер кыртышынын бузулушуна алып келери эскертилди.
Аталган факты боюнча жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-пунктуна ылайык 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык кызмат жарандарды жаратылыш байлыктарын мыйзам чегинде пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз казуу иштерине жол бербөөгө чакырат.
