Дарыя османы жана амударья жилингири балыгына электрондук система аркылуу билет алууга уруксат берилди
2 апрель

Дарыя османы жана амударья жилингири балыгына электрондук система аркылуу билет алууга уруксат берилди

2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн лимиттер “Электрондук балык уулоо системасына” киргизилди.

Аталган система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу баалуу балык түрлөрүнө уруксат берилет.

Балык уулоо карточкаларын алуу Министрликтин расмий сайтынын кызматтар бөлүмүнүн https://rb.agro.gov.kg/ парталы жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.