Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
15 октябрь

Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 17-18-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Айтматов районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.