Ысык-Көлдө түнкү рейд: Браконьерликке шектелип эки жаран кармалып, камака алынды
18 август

Ысык-Көлдө түнкү рейд: Браконьерликке шектелип эки жаран кармалып, камака алынды

Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында браконьерликке каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жаран колго түшүрүлдү.

Окуя 2026-жылдын 16-августунан 17-августуна караган түнү саат 04:15 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу «Аалам-Ордо» участогунда орун алган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракетинин натыйжасында, көл бетинде мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен Тоң районунун 1965-жылы туулган тургуну И.С. жана Нарын облусунун 1979-жылы туулган тургуну С.М. кармалган.

Кармалган жарандардан 50 даана «чебак», болжол менен 13 даана «судак» түрүндөгү балык, 6 даана мыйзамсыз колдонулган синтетикалык тор, 1 даана үйлөмө желим кайык аныкталып, далил зат катары алынган.

Аталган факты Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.