Кыргыз Республикасы "Surajkund International Crafts Mela" дүйнөдөгү эң ири кол өнөрчүлүк жарманкесине катышууда
8 февраль

Кыргыз Республикасы "Surajkund International Crafts Mela" дүйнөдөгү эң ири кол өнөрчүлүк жарманкесине катышууда

2025-жылдын 7-февралында Харьяна штатынын Фаридабад шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов “Surajkund International Crafts Mela” 38-Эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкесинин ачылыш аземине катышты.

Жарманкенин ардактуу коноктору Индиянын туризм жана маданият министри Гаджендра Сингх Шекхават, ошондой эле Харьяна, Мадхья-Прадеш жана Одиша штаттарынын башкы министрлери болушту.

Жарманкенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө министр Гаджендра Сингх Шекхават учурда өлкөдө дүйнөнүн көңүлүн бурган эки чоң иш-чара өтүп жатканын, атап айтканда, Индиянын биримдигин, маданиятын, көп түрдүүлүгүн жана көркөм мурасын көрсөткөн «Maha Kumbh Mela» жана «Surajkund International Crafts Mela» өтүп жатканын белгиледи.

Дүйнөдөгү эң ири кол өнөрчүлүк жарманкесинде Кыргыз Республикасын 30дан ашык артист жана чеберлерлерден турган делегация, анын ичинде алты кол өнөрчү, ошондой эле Ош шаарынан «Келечек», Нарын облусунун Жумгал районунан «Мүрөк» бий топтору жана Каракол шаарынан «Санат» фольклордук тобу катышууда.

Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Бешимов Кыргызстандан келген катышуучулар менен жолугушуп, аларга ийгиликтүү катышууну жана ата мекендик продукциялардын презентация кылууну, ошондой эле чоң фестивалдан жаркын таасирлерди алууну каалады.

Кыргызстандын павильону менен таанышуу учурунда, көрүүчүлөр сувенирдик көргөзмө буюмдарына жана ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн буюмдарына кызыгышууда. Бул жерде бал, кургатылган жемиштер, жибектен жасалган жоолуктар, куурчактар, улуттук баш кийимдер жана башка сувенирлер тартууланууда. Жарманкенин маданий программасына ылайык, ата мекендик артисттер күн сайын жарманкенин башкы сахнасында кыргыздын элдик бийлери жана улуттук аспап комузда күүлөрү менен көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашат.

«Surajkund International Crafts Mela» эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкеси 7-февралдан 23-февралга чейин өтүп, Индиянын жана дүйнөнүн бардык бурчунан келген кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн жана аткаруучулардын өнөрүн, чеберчилигин жана талантын көрсөтөт.

Маалымат катары:

«Surajkund International Crafts Mela» 1981-жылдан бери Фаридабадда жыл сайын февраль айында өткөрүлүп келет. Аны Харьяна Өкмөтүнүн Туризм департаменти бир катар министрликтердин – Тышкы иштер, Туризм, Маданият, Текстиль жардамы менен уюштурат.

Бул жылы биринчи жолу эки штат, Одиша жана Мадхья-Прадеш тематикалык штаттар жана BIMSTEC (Көп тараптуу техникалык жана экономикалык кызматташтык боюнча Бенгал булуңунун демилгеси) өлкөлөрү өнөктөш өлкөлөр катары тандалды. Бул өлкөлөргө Индия, Непал, Бутан, Бангладеш, Мьянма, Таиланд жана Шри-Ланка кирет. Учурдагы көргөзмөгө Индиянын бардык булуң-бурчунан жана дүйнөнүн 51 өлкөсүнөн кол өнөрчүлөр катышууда.