Адабиятчы Омор Сооронов дүйнө салды
21 январь

Адабиятчы Омор Сооронов дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады.

Бүгүн, 21-январда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, адабиятчы Омор Сооронов узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. III даражадагы "Манас"орденинин ээси. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ардактуу профессору.

Омор Сооронов Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында 1940-жылы 28-февралда туулган. 1958-жылы Базар-Коргон №1 орто мектебин аяктаган.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына окутуучулукка жиберилет. 1969-жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институту Манас секторунун кенже илимий кызматкери болуп калат. Андан соң аталган институттун Совет адабияты секторунда, кол жазмалар бөлүмүндө кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген.

1979-1981-жылдары “Кыргызстан” басмасында Көркөм адабият редакциясын башкарат, 1992-1995-жылдарда И.Арабаев атындагы КМПУнун улуу окутуучусу жана КУИАсынын улук илимий кызматкери болуп акыркы жылдарга чейин эмгектенип келди.

О. Сооронов «Алыкул» деген поэмасы үчүн 1-сыйлыкка татыктуу болот.

Бул анын адабият жагындагы эң алгачкы ийгилиги болчу. 1957-жылдан бери чыгармалары жарыкка чыгып келе жатат. Чыгармачылык жолун акын катары баштаган. «Тоолорумдун зыйнаты» биринчи поэтикалык жыйнагы 1971-жылы басылып чыккан. О.Сооронов 8 поэтикалык жыйнактын автору. “Эки тоголок” (1993-ж.) деген жыйнагы бөбөктөр менен жаш жеткинчек балдарга арналган.

1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Омор Сооронов поэзиядан башка көркөм сында, айрыкча адабият таануу илиминде көп эмгектенген, унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялоодо зор кызмат көрсөтүп келаген. Ал Сайф ад-дин ибн Дамулла Шах Аббас Аксикентинин 15-кылымдын аягында жазылган “Мажму ат-таварих” (Тарыхтардын жыйнагы), Молдо Нияздын (1823-1898) “Санат дигарасттар”, Молдо Кылычтын (1866-1917) “Казалдар”, Молдо Багыштын “Абак дептери”, Молдо Аширдин “Азирети эшен пирибиз”, Белек Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы”, Касым Тыныстановдун “Капастан чыккан ырлар”, Магзунинин “Фаргана хандарынын тарыхы”, Актан Тыныбек уулунун “Актан”, 1855-жылы Кудаяр хан жаздырган “Насаб-наама”, Мукай Элебаевдин “Жарыяланбаган чыгармалар”, Тоголок Молдонун “Манас” ж.б. кол жазмаларды китеп кылып басмадан чыгарды.

Тоголок Молдонун “Манасын” изилдеп, “Манас трилогиясындагы эпикалык окуялардын сүрөттөлүш өзгөчөлүгү” деген монография, М.Элебаевдин чыгармачылыгын иликтеп “Мукай” деген даректүү баян китебин, ТоктАндан башка эки томдук “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” (1987, 1990-жж.), 7 томдук “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (2004, 2005-жж.), эки томдук “Кыргыз адабият таануу илими жана сыны” (2005-ж.), 1988-жылы Москвадан чыккан “Антология педагогической мысли Киргизской ССР” деген фундаменталдуу эмгектердин негизги авторлорунан болуп саналат.

Омор Сооронов төрт жүздөн ашык ар түрдүү темадагы гезиттик, журналдык, энциклопедиялык, жыйнактык макалаларды жарыялаган. Анын “Кол жазмалар жөнүндө сөз” деген эки томдон турган китеби 2009-жылы “Турар” басмасынан жарык көргөн.

Акын жана адабиятчы Омор Соороновдун эмгеги жогору бааланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун 60 жылдык юбилейине карата 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген, 2004-жылы адабият таануу илиминдеги зор салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты” деген наамдарга татыктуу болот. 2017-жылы 5-июнда III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү отличниги” (1993-ж), Кыргыз адабиятынын классиги Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2006-ж.). Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Түрксойдун “Токтогул Сатылганов-150” медалы. ж.б.

Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана адабият тармагында өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү адабиятчы жана сынчы Омор Соороновдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана адабият күйөрмандарынын, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

М.К. Мамбеталиев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, М.Т. Тагаев, А.Ш. Мадаминов, С. А. Раев, К. К. Иманалиев, К. Жусупов, Т. Мамеев, К. Жусубалиев, С. Станалиев, А. Омурканов, Ш. Дуйшеев, М. Ааматов, К. Бакиров, Т. Нурманбетов, Садык Шер-Нияз, С. Суслова, Ж.О. Кулмамбетов, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Т. Закирова, А. Жакшылыков, К.О. Иманалиев, А. Д. Султанбаев, А.А. Акматалиев, Ч. Үмөталиева, К. Сариева ж.б.