Кыргызстан менен Япония маданий мурасты сактоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдайт
2026-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде музейдин директору Назгүл Омурзакова Япониянын Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында Кыргызстанга келген Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, профессор Кадзуя Ямаути, директордун орун басары, консервация илими боюнча профессор Акира Фудзисава, тарых боюнча доцент Сигэо Сайто жана институттун башка кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий мурасты изилдөө, сактоо жана реставрациялоо багыттарындагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.
Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун тарыхы 1986-жылы негизделген Маданий мурас боюнча Яманаси фонддук изилдөө институтунун ишмердигинен башталат. 2012-жылы анын базасында Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институту түзүлүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү жана адистерди даярдоо багыттарында иш алып бара баштаган.
Бүгүнкү күндө институт Японияда жана чет өлкөлөрдө маданий мурастарды изилдөө боюнча илимий иштерди жүргүзүп, адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле студенттердин практикалык билим алуусуна багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.
Мындан тышкары, кыргызстандык музейлердин жаш адистери үчүн реставрация жана консервациянын заманбап ыкмалары боюнча практикалык мастер-класс өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын адистеринин практикалык тажрыйбасын арттыруу максатында Япониядагы реставрациялык борборлордо стажировкадан өтүү боюнча сунуштар айтылды.
Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги бул демилгелерди колдоп, өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде институттун археологиялык экспонаттарынын көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады.
