Бишкекте «Тил-достуктун ачкычы» жана «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынактарынын шаардык этаптары өттү
19 февраль

Бишкекте «Тил-достуктун ачкычы» жана «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынактарынын шаардык этаптары өттү

Борбор калаада Эл аралык эне тил күнүн утурлай жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында «Тил-достуктун ачкычы» аттуу шаардык изилдөө долбоорлорунун сынагы, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында «Кыргыз ырларын ырдайлы»  кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынактарга 12 мектеп жана 12 мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышып, райондук турларда 1-2-3-орундарды ээлешти.

«Тил-достуктун ачкычы» сынагынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

  • №77 орто мектебинин окуучусу Эсенбекова Айсалкын гран-приге ээ болду;                  
  • I орун – №49 орто мектебинин окуучусу Мамазимова Жасмин;
  • II орун – №11-орто мектебинин окуучусу Сапарбекова Джазель;
  • III орун – №12- орто мектебинин окуучусу Джан Ёну;
  • III орун - №100-орто мектептин окуучусу Майрамбекова Асемалар ээледи.

«Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү орундарды ээледи:

  • I орунга № 51 МЧББУ-Гудым Виолетта  ээ болду;
  • II орун-МЧББУ №53  тарбиялануучусу Фатыхова Таслия;
  • III орунга МЧБУУ № 117 тарбиялануучулары Тисленко Алан, Пак Мия, Проценко Алиса;
  • III орунга МЧБУУ №118 Дадакозуев Мустафалар


Иш-чаралар Кыргызстанда жашаган элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө максатында өткөрүлдү.