«Манас» эпосу музейи санариптештирилет
19 февраль

«Манас» эпосу музейи санариптештирилет

«Манас» эпосу музейи санариптештирилет. Бул тууралуу «Манас Ордо» комплексинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-18-февралында атайын жумушчу жолугушуу өткөн. Ага Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин жетекчилиги, «Манас» улуттук академиясынын өкүлдөрү жана Россия Федерациясынан келген санариптик иммерсивдүү технологияларды иштеп чыгуучу Руслан Шантуров катышкан.

«Музейдин санариптик эгизин түзүү боюнча иштер башталды», – деп айтылат маалыматта.

Санариптик эгиз – бул реалдуу объекттин санарип көчүрмөсүн түзүүгө мүмкүндүк берген заманбап глобалдык технология. Бул виртуалдык көчүрмөнү кыргыз маданиятынын баалуулуктарын тааныткан окуяларды, видеолорду, аудио гиддерди жана оюн механикасын камтыган жандуу, эмоционалдуу мазмунду түзүү үчүн колдонсо болот.

Бул уникалдуу инновациялык долбоор акыркы санариптик технологияларды колдонот, мисалы:

  • Санариптик эгиз
  • Виртуалдык чындык
  • Толукталган реалдуулук
  • Машина көрүү
  • Жасалма интеллект

Бул долбоор Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, аны кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылуу жана жаштардын көңүлүн өлкөнүн бай тарыхына жана салттарына бурууга багытталган.