Жалал-Абад ТМУнун жаңы туристтик борбору болду
15 январь

Жалал-Абад ТМУнун жаңы туристтик борбору болду

Жалал-Абад шаары мурда Түркистан шаарына караштуу болгон Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусун өткөрүп алды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Казакстандын Түркистан шаарында жаңы статусту ырастаган символикалык ачкычты тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев, Түркистан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө тараптар Түркистан жана Жалал-Абад шаарларынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жалал-Абадга жаңы статустун ыйгарылышы анын бириктирилген аймактык коомчулуктун алкагында туризмди өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгилеп, аймакты алдыга жылдыруунун жаңы перспективаларын ачат.