Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасы дагы бир спектакль менен толукталды
Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Эне» спектаклинин премьерасы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Спектакль Кыргыз Республикасынын эл артисти Шайгүл Алсеитованын 70 жылдык юбилейине арналган Ф. Зеллердин, М. Байжиевдин жана К. Акматовдун чыгармаларына инверсияланган.
«Эне» драмасы тууралуу кыскача:
Бул оору дүйнөнүн булуӊ бурчунда көп... Ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн… Спектаклдин башкы каарманы 70 жашта… Жашына караганда абдан күчтүү, бирок ооруга кабылган, жашоосу «акылында» пайда болгон образдар менен чектелип, кадимки жашоо мейкиндигин кабылдоо, аң-сезимдин деформациясы жакырланып, эс-тутуму акырындык менен жоголуп, тышкы дүйнө менен байланыштары бузулган эненин тагдыры бул спектаклде баяндалат. Адамдагы бул кубулушту биз алжыды деп жатабыз. Медицинада бул оору «Альцгеймер» деп аталат.
Катышуучулар жана ролдорду аткаруучулар;
- Эне – Шайгүл Алсеитова КРнын эл артисти, Айсалкын Осмонова КРнын эмгек сиңирген артисти
- Кызы – Альбина Имашова КРнын эмгек сиңирген артисти, Гульнара Сатарова
- Күйөө баласы – Жеңиш Сманов, Арнис Кыдырмышев
- Мед айым – Нускайым Бекмуратова, Анара Таалайбек кызы.
- Режиссёр-коюучу – Уланмырза Карыпбаев
- Сүрөтчү-коюучу – Садыр Ниязакунов
- Кийимдер боюнча сүрөтчү – Мариям Аблакова
- Режиссёрдун жардамчысы – Алтынай Кыдыршаева.
