Баткен шаарындагы Манас комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгында жайгашкан Манас комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн 13-мартта Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев аталган компекске барган.
«Азыркы учурда комплекстин айланасы кароосуз калып, айкелдер сырдалбай, айрымдары сынган. Мэр аталган жерге мыкты көңүл бурулуп, жарыктандыруулар калыбына келтирилиши керектигин айтты. Ошондой эле жакынкы аралыкта аталган жерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди», – деп айтылат билдирүүдө.
