Сүрөт ачык булактардан алынды
8 сентябрь
UmutDoc фестивалында мыкты документалдык тасманы көрүүчүлөр өздөрү тандайт
Экинчи эл аралык UmutDoc документалдык кино фестивалында көрүүчүлөр сынактык программадагы мыкты тасмалардын бирин өздөрү аныктай алышат. Бул тууралуу фестивалдын калыстар тобунун куратору Назик Кадырова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, фестивалда көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча өзүнчө сыйлык каралган.
Сынактык көрсөтүүлөргө келген ар бир көрүүчү өзүнө эң жаккан тасманы тандай алат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында атайын сыйлык тапшырылат.
Толук метраждуу жана кыска метраждуу документалдык тасмалардын сынактык көрсөтүүлөрү «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.
