ДКО-2026: Эл аралык конференциянын катышуучулары кандай темаларды талкуулашат?
27 август

ДКО-2026: Эл аралык конференциянын катышуучулары кандай темаларды талкуулашат?

«Көчмөндөр цивилизациясы: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу Эл аралык илимий конференциянын алкагында иш-чара сегиз тематикалык секция боюнча өткөрүлөт. Ар бир секция көчмөн цивилизацияларын изилдөөнүн өзүнчө багытына арналат. Анда көчмөн цивилизацияларынын дүйнөлүк тарыхтагы ролунан тартып, туруктуу өнүгүү, санариптештирүү жана маданий мурасты сактоо сыяктуу заманбап маселелер талкууланат.

Сегиз секция көчмөн цивилизацияларын изилдөөнүн негизги багыттарын камтыйт. Алардын ичинде дүйнөлүк тарыхтагы орду, маданий мурас, климаттын өзгөрүшү, санариптештирүү, туруктуу өнүгүү, археология, антропология, саясий-укуктук системалар жана салттуу спорт түрлөрү бар.

1-секция: «Глобалдык цивилизациядагы көчмөн маданияты»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

2-секция — «Көчмөндөрдүн мурасы жана климаттын өзгөрүшү менен санариптештирүү шарттарындагы туруктуу өнүгүү»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

3-секция — «Дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданий мурасы»

Өткөрүлүүчү жери: Чолпон-Ата шаары, Ч. Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борбору.

4-секция — «Көчмөн коомдорунун саясий жана укуктук системалары»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

5-секция — «Жаңы илимий ачылыштар: археология, антропология жана этноспорт»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

6-секция — «Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасы биримдиктин жана туруктуу өнүгүүнүн фактору катары»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

7-секция — «Салттуу спорт түрлөрү жана күрөш өнөрү – маданий мурастын курамдык бөлүгү»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

Катышуучулар салттуу спорт түрлөрүн жана элдик оюндарды көчмөн маданиятынын, тарыхый эс-тутумдун жана социомаданий мурастын бир бөлүгү катары талкуулашат.

8-секция — «Маданий мурасты коргоонун куралы катары фестивалдарды өткөрүү: эл аралык кызматташтык жана көчмөн мурасынын жандуу экосистемасы»

Өткөрүлүүчү жери: Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору.

Кыргызстан эл аралык илимий диалогдун аянтчасына айланып, анда көчмөн цивилизацияларынын тарыхый мурасы жаңы илимий өңүттөн каралып, эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө негиз болууда.