Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт болуп өттү
10 май

Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт болуп өттү

Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Майрамдык концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Ыбыкеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Токтогул Рысалиев, Тилек Найманбаев, Элнура Муктарбек, ошондой эле белгилүү ырчылар Өмүрбек Андарбеков, Нуржигит Асанов, Курал Чокоев, Ильяз Андаш, Аксай Мукамбет уулу, Талант Токомбаев, Ырыскелди Анаркул уулу, Элмира Таджиева, Элгиз Бейшенбаев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хор коллективи, П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хору, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри өз өнөрлөрүн тартуулады. 

Концерттин жүрүшүндө Россиядан чакырылган белгилүү эстрада жылдыздары Дима Билан, Тима Акимов, Татьяна Куртукова, Radio Tapok тобу жана кыргызстандык белгилүү ырчы Амирчик сахнага чыгып, репертуарындагы популярдуу ырларын аткарды. 

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий өкүлдөр, концерттик программанын уюштуруучулары катышты.

Концерт дрон шоу менен жыйынтыкталып, шаар тургундары жана меймандар үчүн унутулгус майрамдык маанай тартуулады. 

Аталган концерт жеңишке жетишкен ата-бабалардын эрдигин эскерүү жана жаш муунга патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулду.