Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы ачылды 
Ош мэриясы
30 июнь

Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы ачылды 

Ош шаарында 30-июнда Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Ош шаардык Кеңештин депутаттары, шаардын жаштары жана активисттери катышты.

Жаштардын креативдүү хабы" долбоору 2020-жылы "Youth of Osh" коомдук уюму тарабынан ишке ашырыла баштаган.

Бул - көп функциялуу аянтча. Хаб иш орду, билим берүүчү аянтча, коомдук мейкиндик, соода түйүнү жана эс алуу борборунун милдетин аткарат.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай инфраструктура шаардын атмосферасын өзгөртүп, жаштардын жашоосун кызыктуу кылат. Негизги максат - жаштарды чет өлкөгө же борборго кетүүдөн кармап, өз шаарында өнүгүүгө шыктандыруу.