КРнын маданият министри ТМУнун башкы катчысы менен маданият тармагынлагы кызматташтыкты талкуулады
Маданият министрлиги
23 июль

КРнын маданият министри ТМУнун башкы катчысы менен маданият тармагынлагы кызматташтыкты талкуулады

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Касымович Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты.

Өзгөчө көңүл түрк элдеринин жалпы маданий жана тарыхый мурасын сактоо, жайылтуу жана эл аралык деңгээлде даңазалоого багытталган биргелешкен долбоорлорго бурулду.

Ошондой эле алдыдагы маданий форумдардын, фестивалдардын жана конгресстердин программалары, тарыхый-маданий эстеликтерди санариптештирүү демилгелери, бирдиктүү музейдик жана китепканалык платформаларды түзүү, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин илимий жана маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.

Министр Мирбек Мамбеталиев ТМУнун Катчылыгы түрк дүйнөсүнүн бир туугандык байланышын бекемдөөдө жана жалпы маданий-цивилизациялык баалуулуктарды илгерилетүүдө маанилүү координациялык ролду аткарып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстан тарапка Уюмдун стратегиялык демилгелерин ишке ашырууга кошуп жаткан жигердүү салымы жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырастап, белгиленген биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын макулдашышты.