Кыргызстанда мугалимдер тууралуу сериал тартуу пландалууда
13 март

Кыргызстанда мугалимдер тууралуу сериал тартуу пландалууда

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси «Биздин класс» сериалдын тартууга тендер жарыялады. Билдирме мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Узактыгы 40-45 мүнөткө созулган 8 серия тартуу пландалууда. Баасы 20 млн сом.

Тасма 2025-жылдын аягына чейин тартылуусу керек.

Көркөм серия мугалимдердин, өзгөчө эркек мугалимдердин заманбап коомдогу негизги ролун жана келечек муундарды тарбиялоого кошкон салымын чагылдырууну көздөйт.