Сабактар акысыз өткөрүлөт. Бишкекте балдар чыгармачылыгы борбору ачылды
17 февраль

Сабактар акысыз өткөрүлөт. Бишкекте балдар чыгармачылыгы борбору ачылды

Бишкектеги Свердлов районуна административдик-аймактык реформанын алкагында  кошулган Аламедин муниципалдык башкаруу аймагында, балдар чыгармачылыгы борбору ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Борбордо төмөнкү багыттар боюнча 12 ийрим ачылды: заманбап жана элдик бийлер, комуз, баштапкы техникалык моделдөө, компьютер дүйнөсү, скульптура, көркөм өнөр, чий чырмакчылык, оймо, оригами, эрте өнүктүрүү ийрими, англис тили жана шахмат.

Ийримге Алма-Ата көч., 424 дареги боюнча катталсаңыз болот.

Белгилей кетсек, бардык сабактар акысыз өткөрүлөт.