Легендарлуу америкалык саксофончу жана композитор Сонни Роллинз дүйнөдөн кайтты
26 май

Легендарлуу америкалык саксофончу жана композитор Сонни Роллинз дүйнөдөн кайтты

95 жаш курагында легендарлуу америкалык джаз музыканты, саксофончу жана композитор Сонни Роллинз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Variety басылмасы билдирди.

Музыканттын өлүмүнүн себеби азырынча такталган жок. 

Сонни Роллинз, чыныгы аты Теодор Уолтер Роллинз, 1930-жылдын 7-сентябрында Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Музыкалык карьерасын 1940-жылдардын аягында баштап, 1949-жылы Prestige Records лейблинде тромбончу Ж. Ж. Жонсон жетектеген топтун курамында дебют жасаган.

Көп жылдык чыгармачылык жолунда Роллинз дүйнөлүк джаз музыкасынын негизги фигураларынын бирине айланган. 1981-жылы ал The Rolling Stones тобунун альбомун жаздырууга катышып, Waiting for a Friend чыгармасында саксофондук солону аткарган. Кийинчерээк музыкант тууралуу Saxophone Colossus аттуу даректүү тасма тартылып, 1986-жылы жарык көргөн.

2008-жылы Роллинз өзүнүн Doxy Records аттуу лейблин негиздеген.

Музыкант үч жолу Грэмми сыйлыгынын лауреаты болгон. 2001-жылы ага чыгармачылык өмүрүндөгү жетишкендиктери үчүн атайын сыйлык ыйгарылган. 2004-жылы анын This Is What I Do альбому мыкты джаздык инструменталдык альбом деп табылса, 2005-жылы Why Was I Born? композициясы үчүн мыкты джаздык инструменталдык соло номинациясында “Грэмми” алган. Бул чыгарма 11-сентябрдагы окуялардан кийин жазылган.

Сонни Роллинз джаз тарыхындагы эң таасирдүү саксофончулардын бири катары эсептелип, музыка дүйнөсүндө чоң мурас калтырды.