Бишкекте белгилүү манасчы Качкын Сыдыковдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү
Маданият министрлиги
26 май

Бишкекте белгилүү манасчы Качкын Сыдыковдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү

Кыргыз улуттук “Манас” театрында белгилүү манасчы, санжырачы Качкын Сыдыковдун жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы жана анын 85 жылдыгына карата жарык көргөн “Атам” аттуу китептин бет ачар аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага маданият өкүлдөрү, манасчылар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, Качкын Сыдыковдун замандаштары, шакирттери жана жакындары катышып, анын кыргыз руханиятына кошкон салымы тууралуу жылуу эскерүүлөрүн бөлүштү.

Кеченин жүрүшүндө Качкын Сыдыковдун өмүр жолу, чыгармачылык изденүүлөрү, манасчылык өнөрү жана санжырачылык мурасы тууралуу кеңири сөз болуп, анын улуттук маданияттагы орду өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле анын өмүр баяны жана чыгармачылык жолу камтылган “Атам” аттуу китеп окурмандарга тааныштырылып, китептин жаралуу тарыхы тууралуу маалымат берилди.

Эскерүү кечеси улуттук руханий мурастарды даңазалоо, манасчылык өнөрдү кийинки муундарга жайылтуу жана улуу инсандын элесин урматтоо максатын көздөдү.