Манас шаарында бүгүн Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган “Күттүргөн жаз да келер” спектакли көсөтүлөт
Маданият министрлиги
26 май

Манас шаарында бүгүн Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган “Күттүргөн жаз да келер” спектакли көсөтүлөт

Манас шаарында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган “Күттүргөн жаз да келер” спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Спектакль бүгүн, 26-майда тартууланат. Башталашы саат 13:00.

Аталган спектакль көрүүчүлөрдү адам тагдыры, сүйүү, үмүт жана согуш мезгилиндеги турмуштун оор сыноолору аркылуу терең ойго салат. Чыгармада адамдык баалуулуктар, мекенге болгон сүйүү жана жашоого болгон ишеним көркөм чагылдырылган.

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры шаар тургундарын жана меймандарын маданий кечеге чакырат.