Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Даярдык кызуу жүрүүдө
1 сентябрь

Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Даярдык кызуу жүрүүдө

Алай районунда Кокон хандыгынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маараке улуттук деңгээлде белгиленмекчи.

Учурда Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын эстеликтери орнотулуп, иштер соңуна чыгууда.

Ошондой эле Алай районундагы эс алуу бактары, музей жана маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дээрлик даяр болду.

"Бүгүн, 1-сентябрда, КР президентинин администрациясынын өкүлдөрү жана Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Алай районуна иш сапар менен барып, иш-чаралар өтө турган жерлерди кыдырып чыгышты. Жумушчу топко иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча так тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, маараке 11–12-сентябрда өтүп, анын алкагында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, гала-концерт, эл аралык “Айтыш” сынагы, улуттук оюндар жана көргөзмө-жарманкелер сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат.