Ак калпак – кыргыз мурасы. Бишкекте жаштар форуму өттү
КР Маданият министрлиги
5 март

Ак калпак – кыргыз мурасы. Бишкекте жаштар форуму өттү

Бүгүн, 5-мартта К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин концерттик залында «Ак калпак – кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка коомдук ишмерлер катышып, баяндамаларды жасашты.

Анда ак калпактын тарыхый жана руханий мааниси, улуттук кийимдердин баалуулугу жана жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөө маселелери талкууланды.

Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан уюштурулуп, Ак калпак жана улуттук кийим күнүнүн алкагында өттү.

Форум маданий программа менен коштолду.