Ош мэриясы
25 май
Ош шаарында Чайковский искусство мектебинин отчеттук концерти өттү
Ош шаарында П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин жылдык отчеттук концерти болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин депутаты Чынара Ыдырысова катышып, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетовдун жана депутаттар корпусунун атынан мектеп жамаатын куттуктады.
