Таласта композитор Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган маданий фестиваль өттү
13 сентябрь

Таласта композитор Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган маданий фестиваль өттү

Талас шаарында 12-сентябрда кыргыздын улуу композитору Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган “Эсимде” аттуу маданий фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын чагылдырган ар кандай иш-чаралар уюштурулду.

Кол өнөрчүлөрдүн жана улуттук тамак-аштын көргөзмөлөрү, ата-бабадан калган каада-салттарды чагылдырган сахналык көрсөтүүлөр, салбуурун оюндары жана улуттук ат оюндар фестивалдын көркүн ачты.

Фестивалдын өзгөчө бөлүгү – Атай Огонбаевдин ырлары Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри тарабынан жандуу аткарылып, көрүүчүлөргө тартууланды.

Салтанаттуу ачылышка президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары, демөөрчүлөр жана коомдук ишмерлер, шаар тургундары катышты.

Иш чара 13-сентябрь “Талас токоюна” жөө саякатто менен уланат, жаратылышты сүйүүчүлөр уникалдуу, тарыхый жана табигый жайлар менен таанышакчы.