Жалал-Абадда окуучулар арасында "Манас таануу" таймашы өттү
Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаардык деңгээлде уюштурулган таймашка калаадагы 28 мектептен келген командалар катышты.
Жаш манасчылар кароо-сынагында “Манас” эпосунун үчилтиги (Манас, Семетей, Сейтек) боюнча суроо-жооп болуп, манас айтуу чечеберчилиги боюнча күн сынашты.
Белгилей кетсек, шаардык баскычтан өткөн окуучулар облустук кароо-сынакка жолдомо алышат.
