«Евровидение-2027» сынагы 12-15-май күндөрү Кара деңиз жээгиндеги Бургас шаарында өтөт
«Евровидение-2027» сынагы 12-15-май күндөрү Блогариянын Кара деңиз жээгиндеги Бургас шаарында өтөт.
Ыр сынагынын негизги аянтчасы 2023-жылы ачылган Arena Burgas спорттук-оюн-зоок комплекси болот. Бул жерде сынактын репетициялары, жарым финалдары жана чоң финалы өткөрүлөт.
Болгария «Евровидение-2027» сынагын өткөрүү укугуна 2026-жылы Венада өткөн сынакта ырчы Даранын жеңишинен кийин ээ болгон. Ал «Bangaranga» аттуу бий композициясы менен жеңишке жетип, Болгарияга сынактын тарыхындагы алгачкы жеңишти алып келген.
«Евровидение-2027» сынагын өткөрүүгө Болгариянын төрт шаары — София, Бургас, Варна жана Пловдив талапкер болгон. Акыркы тандоого София менен Бургас чыккан. Бирок уюштуруучулар жыйынтыгында Кара деңиз жээгиндеги Бургас шаарын тандашкан.
Шаарды тандоодо мейманкана инфраструктурасы, транспорттук жеткиликтүүлүк, иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалардын болушу жана шаарга көп сандагы чет элдик конокторду кабыл алуу мүмкүнчүлүгү эске алынган.
Бул чечим сынактын айрым күйөрмандары үчүн күтүүсүз болгон. Анткени буга чейин Болгариянын улуттук телеканалынын өкүлдөрү жана ырчы Дара «Евровидение» Софияда өтүшү мүмкүн экенин билдиришкен.
Сынактын директору Мартин Грин Бургас шаарынын маданий өзгөчөлүгүн жана туристтик жагымдуулугун белгиледи. Анын айтымында, уюштуруучулар сынакты Болгариянын өзгөчөлүгүн даана чагылдырган форматта өткөрүүнү көздөп жатышат. Ошол эле учурда «Евровидениенин» таанымал форматы сакталат.
Сынакты өткөрүү Бургаска олуттуу экономикалык пайда алып келиши мүмкүн. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Евровидение» 2023-жылы Ливерпулга болжол менен 66 млн евро, 2024-жылы Мальмёго 40 млн евро, ал эми 2025-жылы Базельге 58 млн евро киреше алып келген.
