“Азия сүртүмдөрү” — Бишкекте өзгөчө стилдеги көргөзмө өттү
28 февраль

“Азия сүртүмдөрү” — Бишкекте өзгөчө стилдеги көргөзмө өттү

Бишкектеги А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында 27-февралда “Бурана мода” IX эл аралык мода жумалыгынын алкагында көргөзмө өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

“Азия сүртүмдөрү” деген аталыш менен 9-ирет өтүп жаткан жумалыктын мода көргөзмөсүндө ата мекендик жана Өзбекстан, Казакстандан келген дизайнерлердин ар кандай аталыштагы эмгеги мода сүйүүчүлөргө тартууланды.

Мода майрамына жалпысынан 30га жакын дизайнер катышты.

Мода жумалыгынын максаты кыргыздын салттуу кийимдерин таанытып, жайылтып ошондой эле заманга бапташтырып, өнүктүрүп келет.

Белгилесек, 26-февралда “Бурана мода” IX эл аралык жумалыгынын алкагында “Оюулар, кол өнөрчүлүк искусствосу” аттуу илимий-практикалык конференция өткөн.