Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды 
www
13 май

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды 

Бишкекте Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 12-майда Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы жазуучунун белгилүү «Атанын тагдыры» спектакли менен ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Бул чыгарма кыргыз драматургиясында өзгөчө орунду ээлеп, улуттук театр искусствосуна жаңы мазмун жана жаңы көркөм ой алып келген эмгек катары бааланат.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, өз сөзүндө Бексултан Жакиевдин кыргыз адабияты менен театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармалары бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, көрүүчүлөрдүн руханий дүйнөсүн байытып келерин айтты.

Эл аралык театр жумалыгынын алкагында бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда. Алардын катарында китеп көргөзмөсү, төкмө акындардын республикалык айтышы, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» жана «Күттүргөн жаз да келээр» спектаклдери, эл аралык илимий-практикалык конференция жана Бексултан Жакиевдин руханий мурасына арналган чыгармачыл жолугушуулар бар.

Жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы 16-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, Казакстан менен Кыргызстандын төкмө акындарынын жана искусство чеберлеринин эл аралык айтышы жана өнөр таймашы менен коштолот.

Бул маданий жумалык эки элдин руханий байланышын бекемдеп, Бексултан Жакиевдин бай мурасын кеңири жайылтууга багытталган маанилүү маданий окуя болуп саналат.