Ош шаарында Алишер Навоинин жаңыланган эстелиги ачылды
4 июль

Ош шаарында Алишер Навоинин жаңыланган эстелиги ачылды

Ош шаарындагы эс алуу паркында 4-июлда улуу өзбек акыны жана ойчулу Алишер Навоиге арналган жаңыланган эстеликтин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси жана шаар тургундары катышты.

Эстелик – эки элдин достугунун символу катары бааланып, маданий мурастарды даңазалоого багытталган.