видеодон алынган кадр
16 июнь
Театралдык окуу жайга Эл артисти Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көрүнүктүү режиссёр жана педагог Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, театр ишмерлери, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана маданият өкүлдөрү катышты.
Министрдин биринчи орун басары “Бул чечим Бообек Ибраевдин кыргыз театр искусствосун өнүктүрүүгө, улуттук сахна маданиятын калыптандырууга жана кесипкөй театр кадрларын даярдоого кошкон зор салымын даңазалоо максатында кабыл алынды” деп билдирди.
