Кыргызстанда Азербайжандын Маданият күндөрү өтөт 
27 февраль

Кыргызстанда Азербайжандын Маданият күндөрү өтөт 

Бүгүн, 26-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Азербайжан Республикасынын Маданият министринин кеңешчиси Олег Амирбеев менен жолукту.

Жолугушуу учурунда тараптар 2025-жылдын апрель айына пландалган Азербайжандын Маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелери боюнча сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ынтымакташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендигин белгилешти.