Бишкекте Кытай кино күндөрү өттү
2026-жылдын 12-августунда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында «Жибек жолунун жарыгы жана көлөкөсү» эл аралык долбоорунун алкагында Кытай кино күндөрү өттү.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара бир күндүк форматта өтүп, ага кыргыз жана кытай тараптарынын өкүлдөрү, маданият жана кино ишмерлери, киноиндустриянын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Долбоордун негизги максаты — Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо, кинематография тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандык көрүүчүлөрдү заманбап кытай киносу менен жакындан тааныштыруу.
Программанын алкагында кытай тасмасы түпнуска тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чара эки өлкөнүн киноиндустрия өкүлдөрүнүн кесиптик баарлашуусуна, пикир алмашуусуна жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Долбоордун уюштуруучусу — Кытай медиакорпорациясы (China Media Group, CMG). Иш-чара Кытайдын Кино боюнча мамлекеттик башкармалыгынын колдоосу жана кыргызстандык өнөктөштөрдүн катышуусу менен өткөрүлдү.
Иш-чарага катышуу үчүн Бишкекке Кытайдан атайын делегация келди. Анын курамына China Media Group медиакорпорациясынын теле жана кино продукцияларын которуу, дубляждоо жана эл аралык деңгээлде жайылтуу багытында иш алып барган бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери, ошондой эле Евразия жана Борбор Азия аймагында иштеген өкүлдөрү кирди.
Кытай кино күндөрүнүн өткөрүлүшү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий диалогду чыңдоого жана кинематография тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө дагы бир салым болду.
