Кыргызстанда этно стилдеги Disneyland түзүү сунушу айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров жаңы маданият министрин өлкөдө туристтик жайларды көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
"Бизде Бурана тарыхый комплекси бар. Бул комплексти туристтик объект катары таанытуу зарыл. Анын айланасына Диснейленд сыяктуу этно стилдеги эс алуу жайын куруу боюнча долбоор иштелип чыкса, жакшы болмок. Президент дагы туристтик комплекс түзүү боюнча пландар бар экендигин айткан. Сиздин резюмеңизди карасам, финансист экенсиз. Менеджер катары сиз ушундай комплекс тургузсаңыз жакшы болот эле. Ал өлкөдөгү кирешелүү туристтик жайлардын бирине айланмак",- деди ал.
