Бир жылдын ичинде Кыргызстандагы музейлерге 1,2 млн киши барган
20 февраль

Бир жылдын ичинде Кыргызстандагы музейлерге 1,2 млн киши барган

2025-жылы Кыргызстандагы музейлерге 1,2 миллиондон ашуун адам барган. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрликтин өткөн коллегия жыйынында жыл ичиндеги негизги жыйынтыктар чыгарылып, 2026-жылга карата пландар белгиленди. Өлкө боюнча жалпы 298 маданий мекеменин абалына мониторинг жүргүзүлүп, тармактын өнүгүүсү боюнча аналитикалык карта түзүлдү.

Музейлерде 25 миңден ашуун экспонат санарип форматка өткөрүлдү. Театр тармагында жаңы башкаруу моделин киргизүү иштери башталып, жетекчилер эл аралык квалификацияны жогорулатуу программаларынан өтүштү.

2025-жылы министрликтин бюджети 98%га аткарылды. Президенттик фонддон кошумча 88 млн сом, ал эми Министрлер кабинетинин резервдик фондунан 376 млн сом бөлүнгөн. Маданий мекемелерди капиталдык оңдоого 177 млн сом сарпталып, жалпы тармакты өнүктүрүүгө 851,8 млн сом багытталды.

2026-жылдын апрель айынан тартып маданият тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу пландалууда.