Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси. Алайда “Шырдак” көргөзмөсү өттү
Ош облусунун Алай районундагы Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинде 11-сентябрда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган “Шырдак” көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана расмий коноктор катышып, улуттук кол өнөрчүлүктүн мурасы болгон шырдактар менен таанышышты.
Көргөзмөнүн негизги максаты – кыргыз элинин байыркы салттуу кол өнөрчүлүгүн даңазалоо жана кийинки муундарга жеткирүү. Шырдак жасоо өнөрү кыргыздын турмушундагы маанилүү маданий мурас катары эсептелет.
Белгилей кетсек, Алай районунда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, элдин биримдиги менен азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Анын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Байге фонду 6 млн. сом.
Ошондой эле күн мурун, 10-сентябрда Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды.
