Алай районунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды
Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда 10-сентябрда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Конок тосуучу жайда төмөнкү шарттар түзүлгөн:
- Тамактануучу жай;
- Намазкана;
- Фотозона – туристтер үчүн эсте калаарлык сүрөткө түшүүчү атайын жасалгаланган аймак;
- Терраса – тоо көрүнүшүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча;
- Эс алуу зонасы – отургучтар жана көлөкөлүү жайлар менен камсыздалган;
- Санитардык талаптарга жооп берген ажаткана.
Ошондой эле, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире беришке чейинки 9,5 км жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 725 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 725 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
