Нурланбек Азыгалиев: “Улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгилениши керек”
23 январь

Нурланбек Азыгалиев: “Улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгилениши керек”

Бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев коомдук жана маданий ишмерлерди кабыл алып, залкар акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата мерчемделген иш-чаралардын планын талкуулады. 

Эскерте кетсек, жолугушууга Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору Нуридтин Жумалиев, акындын Бишкектеги үй музейинин жана Алыкул таануу илимий борборунун директору Замирбек Асаналиев, Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук бөлүмүнүн координатору Догдурбек Юсупов, Кыргыз эл биримдиги коомдук бирикмесинин жетекчиси Аманбай Өмүрзаков катышты. 

Төраганын орун басары кыргыз адабиятына гана эмес, дүйнөлүк поэзияга опол тоодой салым кошкон улуу акындын маарекеси жогорку деңгээлде уюштурулушу керектигин белгиледи. Тагыраагы, 110 жылдыкка карата иш-чаралар өлкө аймагында эле эмес, эл аралык алкакта да өткөрүлүшү зарыл экендигин айткан Нурланбек Азыгалиев жергиликтүү жана мамлекеттик деңгээлде жасала турган иштер боюнча да пикирин билдирди. 

“Маареке кыргыз поэзиясынын пайгамбары саналган улуу акындын чыгармаларын жайылтуу жана улуттук адабиятыбыздын көрүнүктүү өкүлү катары таанытуу максатында уюштурулушу кажет. Себеби, биз ушундай улуу инсандарыбыздын чыгармачылыгын даңазалоо менен келечегибизди түптөп, калемгерлердин шык-жөндөмүн арттыра алабыз”, – деди Төраганын орун басары. 

Ал эми Уюштуруу тобунун өкүлдөрү белгилегендей, быйыл маарекелик бир катар иш-чаралар мерчемделген. Алсак, март айында Арашандагы жазуучулардын чыгармачыл үйүндө Алыкулдун аллеясы жаңыртылып, апрель айында Москвадагы кыргыз элчилиги жана Москва жазуучулар союзу менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк Рудомино китепканасында Алыкул Осмоновдун адабий кечеси өткөрүлөт. Бул кечеде Дүйнөлүк адабият шедеврлеринин скверине кыргыз акынынын эстелиги коюлуп, Михаил Синельников тарабынан түзүлгөн Алыкул Осмоновдун орусча которулган ырлар жыйнагынын бет ачары болот. Май айында Түркиянын Элазык шаарында Алыкулдун ыр майрамы өткөрүлүп, анда атайын паркы түптөлүп, эстелигин да орнотуу планы каралууда. Ошондой эле Түркиядагы Манас басмаканасынын колдоосу менен Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы жана акынга байланышкан илимий изилдөө макалалар топтому басылып чыкмакчы. Муну менен катар Жети Өгүз, Койсары эс алуу жайларында эскерүү такталары жасалып, Токмоктогу балдар үйүнүн аймагында Алыкул Осмонов атындагы инсан таануу музейин түзүү сунушу берилүүдө. 

Өз кезегинде Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Өзбекстандын Жизак облусунда жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы мектепте акынды эскерүү иш чарасын өткөрүү сунушун айтты.

Ошондой эле жолугушууда 8 томдук китепти басып чыгаруу жана атайын документалдык тасма тартуу маселелери да талкууланды.