Парламент Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берди
26 февраль

Парламент Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мамбеталиев Мирбек Кемеловичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов КР президентинин сунуштамасы боюнча маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев оркестр музыканттарынын эмгек акысын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү Бакытбек Марипов да маданият тармагында эмгектенген техникалык адистердин айлыгын жогорулатууну сунуштады.

Ал эми депутат Айжигит Тыналиев талапкерди аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын жана музейлердин ишин өнүктүрүүгө көңүл буруп, бул жаатта каржылоону көбөйтүү керектигин айтты.

Депутат Арсланбек Эгембердиев театрлардын жандануусуна жана өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Ошону менен бирге эл өкүлү Улан Примовдун ишмердүүлүгүнүн негизги үч багыты тууралуу суроосуна Мирбек Мамбеталиев маданий баалуулуктарды жайылтуу, китепканаларды санариптештирүү, маданий инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Өз кезегинде депутат Надира Нарматова аймактардагы маданият үйлөрүн көзөмөлгө алууну сунуштап, аталган мекемелер ээсиз калганын жүйө келтирди.

Депутат Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо маселесин ортого салып, бул ХI-ХIV кылымдарга таандык архитектура эстелигинин маанилүүлүгүнө озгөчө көңүл бурду.

Депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алай районунда бир дагы маданият үйү жок экенин белгилеп, аны куруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү табыштаса, эл өкүлү Жанарбек Акаев өспүрүмдөрдүн өлүмү менен коштолгон акыркы кайгылуу учурларга тынчсыздануусун билдирип, жооптуу мамлекеттик органдарды бул жагдайды терең талдап, алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.

Депутат Нилуфар Алимжанова талапкердин жаштар саясатын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча пландарына кызыгып, муну менен катар Ноокат районундагы Уркуя Салиева атындагы музейдин жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгилеп, азыркы имарат авариялык абалга келгенин жүйө келтирди.

Эл өкүлү Камила Талиева жогорку мамлекеттик кызматка аттанып жаткан талапкердин тармакты өнүктүрүү боюнча программасы болушу керектигин белгиледи. Мындан тышкары, депутат маданият тармагындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо жана актуалдаштыруу, маданият ишмерлерин сыйлоо тартибин жакшыртуу жана башка бир катар маселелерди ортого салды.

Жыйынтыгында депутаттар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мамбеталиев Мирбек Кемеловичти дайындоого макулдук беришти.