Төрага: Маданият министрлигин менеджер адам башкарышы керек
26 февраль

Төрага: Маданият министрлигин менеджер адам башкарышы керек

Маданият министрлигин менеджер адам башкарышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

“Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, ал тургай мен-мен деген алдыңкы мамлекеттерде Маданият министрлиги жок. Мындан тышкары, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана Маданият министрликтерине сөзсүз түрдө ошол тармакка тиешелүү адистин министр болуп келиши керек эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө Билим берүү министрлигин, Саламаттыкты сактоо министрлигин экономисттер, финансисттер башкарат. Маданият министрлигинде да ошондой болушу кажет. Жалаң маданияттын ичинен алып келгенде оңолбойт. Муну тармакты жетектеген мурдагы министр катары так айта алам”, – деди төрага.

Төрага ошондой эле жаңы дайындалып жаткан жетекчи менеджер катары тармактагы саясатты жүргүзүп, уюштуруу иштери менен алектениши керектигин баса белгиледи.

"Министрликте адистер жана чыгармачылык топтор жетиштүү. Ошолор ишти кылат. Ал эми министрдин милдети ишти уюштуруу жана саясатты жүргүзүү”, – деп кошумчалады ал. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мамбеталиев Мирбек Кемеловичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралууда.