Бишкекте “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли тартууланат
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Мюзиклдин бет ачары 22-февралда саат 18:30да өтөт. Ал эми 24-28-февраль күндөрү жалпы көрүүчүлөр үчүн уланат.
Аталган мюзикл аркылуу улуу өнөр касиети менен бирге кыргыз элинин дүйнө таанымын, маданий баалуулугун, каада-салттарын, тилин коомго кеңири таанытып жана таалим-тарбия иретинде жаштар арасында жайылтууну максат коюлган.
Аталган мюзиклде бири бирин чын дилинен сүйүшкөн эки ашык Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлугүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган.
- Долбоордун автору жана жетекчиси: КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов
- Либреттосун жазган: КР Эл акыны Аалы Туткучев
- Коючу-режиссер: Умарбек Кадыров
- Режиссер: Айнура Качкынбек кызы
- Музыкасын жазгандар: КР эл артисти Рысбек Жумакунов, Айжамал Алибаева, Мирлан Абдыраев, Эламан Каныбеков
- Сүрөтчү-коюучу: Мариям Аблакова
- Бийин койгондор: Эрлан Камытбеков, Тилек Кийизбаев
- Хореограф: Жылдыз Абдырахманова
- Ырлардын автору: Акбар Кубанычбеков
- Хормейстер: Айтурган Турдугулова
- Костюмдар боюнча сүрөтчү: Жамийла Стамбекова
- Координатор: Данияр Байгожоев
- Продюсер: Медербек Арапбаев
- Көркөм жетекчиси: КР эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов.
